“Ысык-Ата районунун жаңы келген акимин айыл өкмөттөрүбүз тоготпой жатат окшойт. Негизи,бюджет каралып жатканда жергиликтүү бюджеттин 15 пайызы айыл өкмөттүн аймагындагы мектептердин, бала бакчалардын чыгымына жумшалса деген сунуш киргизет элем”,- деди Акбөкөн Таштанбеков.
Депутат аталган райондун моргунан кечээ өлүк жоголуп, маселе парламенттен көтөрүлгөндөн кийин Канттагы мүрзөдөн табылганын айтты. “Сиздерге рахмат, көзү өтүп, моргдо жоголгон жигитти Канттагы орустардын мүрзөсүнө көмүп коюшкан экен. Маркумдун эжеси Махабат да ыраазычылыгын билдирип жатат. Алар өздөрү Жалал-Абаддан болушат”,- деп билдирди.