Аскар Акаевдин И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуй турган лекциясы болбой калды.
Тиешелүү чечимди бүгүн, 22-майда университеттин ректору кабыл алганы айтылды.
Буга чейин КМТУнун студенттери Аскар Акаевдин ЖОЖдо лекция окуусуна каршы чыгып, ректордун атына кайрылуу жазышкан.