Академик Илгиз Айтматов чын дүйнө салды

Автор

Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси, техника илимдеринин доктору, академик Илгиз Айтматов бүгүн, 27-августтун таңында 93 жашта дүйнө салды. Бул тууралуу академиктин жакындары билдиришти.
Илгиз Айтматов — тоо кен геомеханикасы боюнча белгилүү адис болгон. 1990-1993-жылдарда КР Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп иштеген.
И. Айтматов 260тан ашык илимий эмгектин автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган.
2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ Дуровдун камакка алынышы тууралуу айтты: Кырдаалга көз салып жатабыз

БУУнун катчылыгы Telegram негиздөөчүсү Павел Дуровдун камалышы боюнча пикир айтты. Бүткүл дүйнөлүк уюмдун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Павел Дуровдун камалышы тууралуу айткандарында “Биз жагдайды көзөмөлдөп жатабыз, бирок азырынча комментарий берүүгө даяр эмеспиз”,-деди. Павел Дуров 24-августта Париждин Ле-Бурже аэропортунда кармалган. Ага 20 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу бар. Telegram […]

Сизге жагышы мүмкүн