Академиктин кызы президентке кайрылуу жолдоду

Автор

Белгилүү илимпоз Абдыганы Эркебаевдин кызы Гулайым Эркебаева президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, депутат Балбак Түлөбаевдин үстүнөн даттанды. Кайрылууда мындай дейт:
Кыргыз Республикасынын Президенти
Жапаров Садыр Нургожоевичке
Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин төрагасы
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик тузулуш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кенештин Регламенти боюнча комитетине

КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Сизге мамлекет башчысы, Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили катары кайрылып, көңүлүңүздү бурууга төмөнкү жагдайлар түрткү болууда:
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши Бишкек шаардык сотунун судьясынын 1 бош кызмат ордуна конкурстук тандоо жарыялап, мен дагы катышуу үчүн талапкер катары катталгам.
12.06.2024-жылы конкурстук тандоо өткөрүлүп, аталган Кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тулобаев Балбак Зарлыкович тарабынан менин конституциялык, жарандык укугум тебеленип, адамдык ар-намысыма, беделиме шек келтирилип, моралдык-психологиялык абалыма басым жасалды.
Тактап айтканда, конкурстун башталышында эле ал сөз алып, «Сиздей судьяларды, кандидаттарды сот системасына жолотпош керек, Сиз, Сизге окшогондор сот системасын уят кылып, сот системасын жек көрүндү кылып, бардыгын ушул ахыбалга алып келдиңер. Эгер бүгүн сизди бекитсек, эртең баарыбызды элдер түбүнө чейин жеткирет, эмнеге кайра алып келип жатасыңар дейт. Соттун чечимдерин билбейм, жеке мен эртең элге эмне деп айтам, Президентке эмне деп айтам, Сиз ушу келбей эле койсоңуз болмок да, менин жеке оюмда, сот системасын уят кылбай азыр деле алып койсоңуз болмок, бул жакка келгенден уялган жоксузбу, өзүңүз билип эле келбей койсоңуз болмок, азыр да кеч эмес» деп басым жасай баштады.
Андан кийин отурумдун добуш берүү этабына жеткенде мага сынактын алкагында берилген суроолордун дээрлик бардыгына жооп бергендигиме карабастан объективдүүлүктөн тайып «0» деген баллды коюп чыкты.
Депутат Түлөбаев Б.З. мага карата койгон айыптоосуна келе турган болсок, мындан 11 жыл мурун, 2013-ж., мен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы, төраганын милдетин аткаруучу болуп турган кезимде негизсиз жалган-жалаа менен жасалма кылмыш иши козголуп (алдамчылык беренеси б/ча), жыйынтыгында соттук бардык инстанцияларда (райондук, шаардык, КР нын Жогорку соту) акталып, ал актылар мыйзамдуу күчүнө кирип, сот тарабынан акталгандыгыма байланыштуу реабилитация укугум таанылып, негизсиз кылмыш куугунтугунун натыйжасында келтирилген залалдын орду мамлекет тарабынан толук түрдө толтурулуп берилүүсү тийиштиги тууралуу соттук актысы кабыл алынган.
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57, 94-беренелерине ылайык ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырат.
Ушул эле Баш мыйзамыбыздын 101-беренеси Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиштигин белгилейт.
Депутат Тулобаев Б.З. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, мыйзамдарынын талаптарын өзү эл өкүлү, мыйзам чыгаруучу болуп туруп көзгө илбей, сыйлабастан Кеңештин жалпы мүчөлөрүнүн, сыртта монитордон конкурстун жүрүшүнө күбө болуп, аны жаздырып аткан бир нече адамдардын алдында мени жасалма кылмыш ишке негиздеп басмырлап, конституциялык укугумду, адамдык беделимди тебеледи.
Садыр Нургожоевич, Сиздин эл алдында жасап жүргөн билдирүүлөрдө ар дайым «мен башынан баштап эле эч кимдин сот ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө укугум жок, баардыгыбыз соттун чечимине баш ийишибиз керек, соттук чечимдерди эч кимибиз сынга алууга укугубуз жок, сот кандай чечим кабыл алса дагы биз ага макул болууга тийишпиз» деп баса белгилеп жүргөнүңүзгө карабастан, депутат Тулобаев Б.З. 12.06.2024-ж. конкурстук тандоонун жүрүшүндө жүргүзүп жаткан саясатыңызга да шек келтирип, мага карата кабыл алынган соттук актылар менен эсептешпейт экендигин, анын өзүнүн жеке түзүлгөн пикири гана баалуулугун көрсөттү.
Ошондой эле депутат Тулобаев Б.З. өзү эл өкүлү болуп туруп, «Сизди эгер бүгүн бекитсек, Президентке эмне деп айтам» деп атыңызды жамынып, Кеңештин мүчөлөрүнө дагы басым жасап, аракети ал үчүн жемиштүү аяктады.
Кыргызстанда жалган-жалаа менен негизсиз иш козголуп, жыйынтыгында сот тарабынан акталган дээрлик көпчүлүк жарандарыбыздын укуктары мыйзамдуу калыбына келтирилип, алардын өз кызматтарында татыктуу иштеп жаткандыгына элдин бардыгы күбө болуп аткандыгына карабастан, депутат Тулобаев Б.З. мен тууралуу айткан пикирине таянсак, жалгыз менин гана акталгандыгым таанылбай, укуктарым, анын ичинде эмгекке жөндөмдүүлүгүмдү пайдалануу, кесибимди, иштин түрүн тандоо, эл сыяктуу конкурска катышуу сыяктуу, басмырланып, куугунтукка алынышым керек экен.
Негизсиз кылмыш иштин козголуп, кээ бир кызыктар адамдар тарабынан ал нерсе күчөтүлүп, коомчулукка өздөрү каалагандай жайылтылып, мага карата ошол убакта жүргүзүлгөн болбогондой масштабтагы кара пиардын, басымдын, бут тосуулардын кесепетинен акыйкаттуулук, адилеттулук издөөгө 7 жыл убакыт талап кылынып, ал мезгил ичинде болбогондой азап-тозокту көрүп, ден-соолугум, моралдык- психологиялык абалым жабыркап, үй-бүлөмө да терс таасирин тийгизип, жыйынтыгында жашы жете элек, 1,6 жаштан 13 жашка чейин 5 балам менен жалгыз калып, ошондо дагы сынбастан, күнөөмдүн жоктугун, иштин жасалма экендигин далилдөөгө болгон күрөшүмдү улантып, соттун 3 инстанциясын 2 жолудан басып өтүп акталып, реабилитация укугум таанылып, бирок аягы келип Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, эл өкүлүнүн жасалма ишке негиздеп басмырлап, адамдык абийиримдин жана ар-намысымдын мынчалык тебеленишине жол бергендиги орунсуз деп эсептейм.
Депутат Б.З.Тулобаевдин менин 25 жылга чукул эмгек стажымды (анын ичинде 16 жыл сот системасында), судьялык кызматты аркалоодо иштерди кароонун сапаты боюнча алдыңкы көрсөткүчтөргө ээ болуп жүргөндүгүмдү, судьялыкка талап кылынган шарттарга талапкерлигим жооп бергендигинен мага конкурска катышуу мүмкүнчүлүгү берилгендигин бир заматта жокко чыгарып, конкурста башка талапкерлер менен бирдей шартта катышуума тоскоолдук жасап, Кеңештин мүчөлөрүнө, мага басым көрсөткөндүгү дагы анын менин укуктарымды чектөөсү катары кабыл алынууга жатат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23, 29, 42-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасында адамдын укуктары, ар-намысы абсолюттук жана кол тийгис, адамдын укуктары жана эркиндиктери эч кандай чектелүүгө жатпайт, ар бир адам абийиринин жана ар-намысынын корголушуна жана эмгек эркиндигине, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого укуктуу.
Аталган Конституциянын 24, 53-беренелери эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эместигин, басмырлоого жол берген адамдар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартаарын; ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, абийирин жана ар-намысын урматтоого милдеттүүлүгүн белгилеген.
Ошондой эле, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 8-беренесине ылайык депутат өзүнүн ишинде жалпы таанылган моралдык ченемдерди карманууга, өзүнүн кадыр-баркын сактоого, башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын сактоого, өзүнүн ишинде Депутаттык этика кодексинин талаптарын карманууга тийиш.
Депутаттык этика кодексинин талаптары боюнча депутат жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыздоого болгон мыйзам тарабынан көрсөтүлгөн бардык чараларды көрүүсү шарт.
Ал эми, “КРнын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 13-беренесине, аталган кеңештин Регламентине (9-глава) ылайык Кеңештин мүчөсү Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди кароодо калыс жана объективдүү болууга милдеттүү.
Ошондой эле жогорудагы Регламент (22-глава, 3-п) Кеңештин мүчөсү Кеңештин отурумдарында билдирүүлөрдү жасоодо сылык-сыпайы болуусун, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз дооматтарды коюп ар-намысын, беделин кемсинтүүгө жол бербөөсүн милдеттендирет.
Депутат Тулобаев Б.З. өзү мыйзам чыгаруучу болуп туруп, өздөрү кабыл алган мыйзамдарды сыйлабаса, тааныгысы келбесе, аткарбаса кантип карапайым элден, жарандардан жана башкалардан талап кыла алат? Кыргыз Республикасынын укуктук мамлекет экендигине карабастан соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларына баш ийбесе, жарандардын абийирин, укуктарын элдин атын жамынып алып (элге эмне деп айтам, Сизди бекитсек, эртең баарыбызды элдер түбүнө чейин жеткирет деген билдирүүлөрү менен ( менин да ошол элге кирет экенимди унутуп) тебелесе жараша береби? Депутат өзүнүн ишмердүүлүгүндө мамлекеттик кызматкердин, депутаттык этикасынын (журум-турумун) талаптарын кармануусу керектиги тууралуу талаптар Б.З.Тулобаевге жайылтылбайбы анын оюнда же ал депутаттык статусуна жамынып алып мени басмырлай бергенге, элдин алдында абийиримди тебелей бергенге жол бере береби?
Мен ошол ар бир адам, жаран үчүн баалуу болгон абийиримди, ар-намысымды коргоо, элдин, коомчулуктун, үй-бүлөмдүн алдында жүзүм жарык болушу үчүн, акыйкаттык, адилеттүүлүк орношу үчүн жасалма козголгон кылмыш иш боюнча актыгымды далилдөөгө оңой эмес 7 жыл жашоомду арнап, аягында эл өкүлүнүн жасалма ишке негиздеп абийирим, ар-намысымды тебелеп, басмырлаганы, орду келсе-келбесе дагы Сиздин атыңызды жамынып басым жасаганы мыйзамсыз, депутаттык статусуна, моралдык ченемдерге жат аракет катары Сиз тарабынан көңүл бурулуп, депутат Б.З. Тулобаевдин мындай жат аракеттерине бөгөт коюнузду суранамын!

Бөлүшүү:
Next Post

Казакстан Ноокатка гуманитардык жардам жөнөттү

30-июнда саат 22:30да Казакстандан Ош шаарына гуманитардык жардам келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, гуманитардык жардамды министрдин орун басары А.Мазарипов, Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары И.Ташбаев, Казакстандын Ош шаарындагы консулу М.Карыбай жана Казакстандын Жамбыл облусунун ӨКМ башкармалыгынын директору А.Токанов кабыл алышты. Гуманитардык жардамга күнүмдүк тиричилик […]

Сизге жагышы мүмкүн