Кыргызстанда айыл чарба тармагын каттоо өтөт. Улуттук статистика комитети тиешелүү мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарды.
Документте белгиленгендей, өлкөнүн айыл чарбасындагы соңку 20 жылдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу бул иш-чараны өткөрүү зарылчылыгы келип чыкты. Андан тышкары, жеке сектор активдешип, фермердик чарбалардын саны көбөйгөнү айтылды.
Каттоодо уюлдук тиркеме колдонулуп, чарба субъектилерин сурамжылоо жүргүзүү жолу менен өтөт.