Айыл чарба тармагында ири 100 долбоор ишке ашырылат

Автор

Кыргызстандын айыл чарба тармагында ири 100 долбоор ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган жарлыгына ылайык, Айыл чарба министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Учурда анын алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда.
Долбоорлор ар кандай багыттарды камтыйт, анын ичинде:
балык чарбасында — 14;
канаттуулар чарбасында — 12;
СЛБ жана кампаларда — 13;
питомниктер жаатында — 11;
мал чарбасында — 8;
илимий-агартуу демилгелери жаатында — 7;
жүн иштетүү тармагында — 5;
сүт багытында — 5;
машина-трактор станциялар тармагында — 3;
айыл чарба өсүмдүктөрү тармагында — 18;
Белгиленгендей, жалпы демилгелердин ичинен 32 долбоор мамлекеттик, ал эми 64 долбоор жеке болуп саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапон накыл сөздөрү

1. Жиндилер менен даарып калгандардан жол талашпа. 2. Аял кааласа аска зоону тешип өтөт. 3. Кеткенди кармаба, келгенди кууба. 4. Тыным албасаң жай болсо да тез жүргөнүң. 5. Жамандын досу болгуча жакшынын касы болгон артык. 6. Жалпы болбой алпы болбойт. 7. Өйдөнү көксөгөн тепкич табат. 8. Эрди-катын кол менен көздөй […]

Сизге жагышы мүмкүн