- 66 жылдын ичинде дүйнө айыл чарбасынын эффективдүүлүгү 2,5 эсе өстү.
- Дыйкандар азыр 1950-жылдагыга караганда азык-түлүктү 262 процентке көбүрөөк иштеп чыгарышат.
- Мындан 10 жыл мурун 1 америкалык фермер 144 адамды тамак-аш менен камсыз кылган.
- 1940-жылы орточо америкалык фермер 19 башка адамды гана бага алган.
- Дүйнөдө ар бир бешинчи адам мал чарбачылыгында иштейт.
- Жалпысынан 1,3 миллиард адам мал чарбасы менен алектенет.
- Перуда жыл сайын 65 миллион гвинея чочкосу желет.
- АКШ, Бразилия, Аргентина, Канада жана Индия эң көп ГМО азыктарын чыгарышат. Дүйнөдө GM өсүмдүктөрү эгилген 170 миллион гектардын 152 миллиону ушул беш өлкөдө. Европанын көбү GM продукцияларын өстүрүүдөн дагы эле баш тартышат.
- Гречка – азырынча модификациялана элек бир нече азыктардын бири.Ал эми аны өстүрүү эч кандай жер семирткичтерди талап кылбайт Бирок ошол эле учурда аз түшүм берүүчү өсүмдүк. Ошондой эле арпа, булгур, таруу, кара буудай жана сулу айдашат.
- Шаардагы бак-дарактар абаны 2-8 градуска чейин муздата алат. Бул кондиционерге кеткен акчанын 30%ын үнөмдөйт. Дарактар да жылына 150 кг СО2 сиңирет.
Дүй Окт 2 , 2023
Түркия Ирактын түндүгүндөгү күрт козголоңчуларына абадан сокку ура баштады. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги Twitter баракчасына жазды. Түрк бийлигинин маалыматы боюнча, Күртстан жумушчу партиясынын 20 объектисине сокку урулган. Түркиянын Коргоо министрлиги соккулар үңкүрлөрүн, бункерлерин жана курал кампаларын бутага алганын билдирди. Күрт кабар агенттиги Rudaw сокку Ирактын түндүгүндөгү, Иран менен чек […]