«Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоору боюнча дыйкан-фермерлерге 3 млрд 297,9 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен министрлигинен билдиришти.
Насыя өлкөнүн 7 миң 336 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө берилди.
Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, насыялоонун көлөмү 3,3 млрд сом.
Аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында Министрлер кабинетинин тескемеси менен «Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоору бекитилген.