“Айыл чарбасын каржылоо -11” долбоору боюнча 2023-жылдын 31-мартына карата 380 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Айыр чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 380 млн 293 сомго 814 насыя берилди.
- Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 69 млн 379 миң сомго 157 насыя берилди, анын ичинен:
банктар боюнча алганда:
“Айыл Банк” ААК 37 млн 859 миң сомго 84 насыя;
– “РСК Банк” ААК 31 520 миң сомго 73 насыя.
- Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 310 млн 914 миң сомго 657 насыя берилди, анын иченен:
банктар боюнча алганда:
– “Айыл Банк” ААК 134 млн 734 миң сомго 280 насыя;
– “РСК Банк” ААК 176 млн 180 миң сомго 377 насыя.