«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча 19-майына карата 2.2 млрд сомго насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Такталгандай, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 524.8 млн сомго 1282 насыя берилди, анын ичинен:
“Айыл банк” ААК – 311. млн сомго 738 насыя;
“РСК банк” – 213.4 млн сомго 544 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 1.7 млрд сомго 3729 насыя берилди, анын иченен:
“Айыл банк” – 726.8 млн сомго 1528 насыя;
“РСК Банк” – 1 млрд сомго 2201 насыя.