“Айыл чарбасын каржылоо” долбоору боюнча 12 миң дыйканга насыя берилди

Автор

“Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоору боюнча 27-декабрга карата 4 млрд 850 млн 809 миң сомго 12 миң 83 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 481 млн 720 миң сомго 1 444 насыя берилди. Банктар боюнча алганда:
“Айыл Банк” ААК – 238 040 миң сомго 724 насыя;
“Элдик Банк” ААК – 243 680 миң сомго 720 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 4 млрд 369 млн 89 миң сомго 10 миң 966 насыя берилди. Анын иченен банктар боюнча алганда:
“Айыл Банк” ААК – 2 млрд 113 млн 369 миң сомго 5 210 насыя;
“Элдик Банк” ААК – 2 млрд 255 млн 720 миң сомго 5 171 насыя.

Бөлүшүү:
Next Post

Лавров тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн Украинага бир шарт койду

Украинадагы кырдаал боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү боюнча келишимдер бузулгус болушу керек. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Ал Россиянын президенти Владимир Путин буга чейин диалог жүргүзүү боюнча Москванын позициясы тууралуу айтканын эске салды. «Сөз ишенимдүү, юридикалык жактан милдеттендирилген келишимдер жөнүндө болуп жатат. Алар жаңжалдын баштапкы себептерин жоюшу […]

Сизге жагышы мүмкүн