Кыргызстанда “Айыл чарбасын каржылоо – 11” программасынын алкагында дыйкандарга 3,2 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Өсүмдүк чарбасы” категориясы боюнча жалпы суммасы 842 млн 518 миң сомго 2008 насыя берилген, анын ичинен:
“Айыл Банк” аркылуу 474 млн 273 миң сомго 1106 насыя;
“РСК Банк” аркылуу 368 млн 245 миң сомго 902 насыя берилген.
“Мал чарбасы” категориясы боюнча жалпысынан 2 млрд 402 млн 632 миң сомго жалпы 5 миң 214 насыя берилип, анын ичинен:
“Айыл Банк” аркылуу 1 млрд 169 млн 932 миң сомго 2 миң 488 насыя;
”РСК Банк” аркылуу 1 млрд 232 млн 700 миң сомго 2 миң 726 насыя берилген.
Жалпысынан 2 категорияга 7 миң 222 насыя берилип, жалпы суммасы 3 млрд 245 млн 150 миң сомду түзгөн.
“Айыл Банк” аркылуу 1 млрд 644 млн 205 миң сомго 3 миң 594 насыя;
“РСК Банк” аркылуу 1 млрд 600 млн 945 миң сомго 3 миң 628 насыя.