Айыл чарбасын каржылоого 656,8 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Автор

“Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында 5 млрд сом каралып, учурда 1 миң 554 айылдык товар өндүрүүчүгө 656,8 млн сомдук жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.
Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “РСК Банк” ачык акционердик коомдору катышууда.
Долбоор айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында ишке ашырылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

ЖЭБдеги авариянын чыгымдары айтылды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан улам келтирилген чыгымдын алдын ала суммасы 69 млн 630 миң сомду түздү. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек ЖЭБинин директору Алпбек Садыров билдирди. Анын айтымында, келтирилген зыяндын көлөмү дагы өсүшү мүмкүн. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 2-февралында саат 03:00 чамасында ЖЭБде авария орун алып, натыйжасында жабдыктар иштен […]

Сизге жагышы мүмкүн