Айыл чарбасын каржылоого 3,2 млрд сом насыя берилди

Автор

2024-жылдын 4-июлуна карата “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоордун алкагында республиканын 8 миң 279 айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, насыянын көлөмү 3 млрд 277 млн 92 мин сомду түздү. Анын ичинен:

“Мал чарбачылык” тармагы боюнча 7 миң 159 субъектке 2 млрд 917 млн 27 миң сом;
“Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 1 миң 120 субъектке 360 млн 65 миң сом.
Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

V Көчмөндөр оюнуна спорттун улуттук түрлөрү боюнча 268 катышуучу аттанат

Казакстанда өтө турган V Көчмөндөр оюнуна Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциядан болжол менен 268 катышуучу аттанат. Бул тууралуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун милдетин аткаруучу Жеңишбек Нурчоро уулу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алардын арасында көк бөрүчүлөр, чабандестер, салбуурунчулар, белбоо, таяк тартыш боюнча спортчулар жана машыктыруучулар, атайын өкүлдөр бар. […]

Сизге жагышы мүмкүн