Айыл чарбасын каржылоого 10 миңге жакын насыя берилди

Автор

29-августка карата “Айыл чарбасын каржылоо -12” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 10 миңге жакын жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинен өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 420 млн 305 миң сомго 1 миң 293 насыя берилди. Банктар боюнча алганда:
“Айыл Банк” ААК – 209 млн 820 миң сомго 656 насыя;
“Элдик Банк” ААК – 210 млн 485 миң сомго 637 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 331 млн сомго 8 миң 206 насыя берилди. Анын иченен банктар боюнча алганда:
“Айыл Банк” ААК – 1 млрд 665 млн 864 миң сомго 4 миң 161 насыя;
“Элдик Банк” ААК – 1 млрд 665 млн 210 миң сомго 4 миң 45 насыя.
Ошентип, жалпы бардыгы болуп 2 категория боюнча 3 млрд 751 млн 380 миң сомго 9 миң 499 насыя берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Криптовалюта миллионерлери көбөйдү

Дүйнөдө алардын саны эки эсе көбөйүп, 172 миң адамды түзсө, ичинен 85 миңи активдерин биткойнде сакташат. Биткойндун баасы 2,5 эсеге өстү. Мындай маалыматтар швейцариялык Henley & Partners консалтинг компаниясынын изилдөөсүндө келтирилген. Криптомиллиардерлердин саны 28 адам экенин жазган аналитиктер бул статистика санариптик валютанын базардагы позициясынын үстөмдүгүнөн кабар берерин баамдашты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн