Apple телефондорундагы тиштелген алма эмблемасы Алан Туринг атындагы математикчиге таандык. Ал цианид уусу шыбалган алманы тиштеп, өз жанын кыйган.
Алан Туринг 1912-жылы Англияда туулган. Өз заманынын атагы таш жарган математикчиси, компьютер адиси жана крипто аналитиги эле. Германия фашизминин «Енигма» аттуу жашыруун кодун ачыкка чыгарып, Германия-Англия согушунун багытын аныктап, Немис учактарынын Лондон шаарына болгон чабуулун басаңдата алган.
Мындан улам Англия жеңишке жетишкен. Бирок, укмуштуудай акылына, билимине, ийгилигине карабай 1952-жылы Алан Туринг кош жыныстуулуктан улам камакка алынат. Ал мезгилде кош жыныстуулукка Европада тыюу салынган эле. Бирок, анын жаза мөөнөтү эстрогены гормону менен дарыланууга алмаштырылат. Көп өтпөй ал 1954-жылы цианидге буланган алманы тиштеп, өз жанын кыят. Ошондон бери ушул эмблема компьютердик технологиянын атасы делген Алан Турнирдин урматына колдонулуп калган.