“Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталды

Автор

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Фестивалдын жабылыш аземине мданият министри Алтынбек Максүтов катышып, сыйлык ээлерин куттуктап, жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырды. Министр өз сөзүндө алтынчы ирет өтүп жаткан фестивалдын максаты ынтымакты, достукту бекемдөө, искусствону жайылтып өнүктүрүү экенин баса белгилеп, кыргыздын сыймыктуу уулу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары түбөлүктүү экенин белгилеп, бардык катышуучуларды ийгиликтери менен куттуктады.
Андан соң катышуучуларга фестивалдын атайын сыйлыктары жана грамоталары тапшырылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү эң популярдуу спортчулардын тизмеси жарыяланды

Google сурамжылоо жыйынтыктары боюнча быйылкы рейтингде алдыңкы орунда турган планетадагы эң популярдуу спортчулардын жана командалардын тизмесин жарыяланды. “Эң популярдуу спортчу” категориясында ылайык, биринчи орунду NFL клубунун “Buffalo Bills” оюнчусу – 25 жаштагы Дамар Хамлин ээледи. Анын артында ПСЖнын француз чабуулчусу Килиан Мбаппе турат. Алдыңкы үчтүктү дагы бир NFL оюнчусу Травис […]

Сизге жагышы мүмкүн