“Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт

Автор

Бишкекте 7-12-декабрь күндөрү “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата өткөрүлүүдө. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары келишет. Алар Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди коюшат.

Фестивалдын расмий ачылышы 7-декабрда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драмда театрында өтөт. Башталышы саат 15:30.

Бөлүшүү:
Next Post

«Кумтөр» октябрда бюджетке 1,5 млрд сом салык төлөдү

Январдан октябрга чейин “Кумтөр” мамлекеттик бюджетти 8 млрд 838 млн 600,6 миң сомго толуктады. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бул сумма 8 млрд 706,3 млн сомду “Кумтөрдүн” дүң кирешесине салык жана Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө жылдык төлөм түрүндө түзүп, 132 млн 283,3 миң сомду түздү. Белгилеп кетсек, октябрь […]

Сизге жагышы мүмкүн