Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байгесинин ээси, дүйнөнүн үч жолку чемпионуАйсулуу Тыныбекова 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына катышаарын билдирди.
Чемпиондук курду тагынуу башкача сезим экенин айтып, “жеңиш даамын татыш үчүн кайра күрөшкүң, жеңгиң келет экен. Чоң спортто жүргөндөн бери көп жаракат алдым. Калыбыма келиш үчүн убакыт керек, дарыланышым зарыл. Ошонун баарын салмактап көрүп, ден соолугубуз жол берсе, буйруса, аттанам. Жеңиш алып келгенге болгон аракетимди жасап көрөм»,- деген күрөш боюнча дүйнө чемпиону.