Спортчу Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
«Өз адамыңа жолукканда сөз дагы ашыкча болот экен. Мен бакытты, жан дүйнө тынчтыгын жооп күтпөстөн, жөн гана аракет кылган адамдан таптым. Бул жыл мага дагы бир жеңиш алып келди. Бул сүйүү, жаңы жашоо жана үй-бүлө»,-деп жазды Тыныбекова.
Спортчунун ким менен баш кошкону белгисиз.
Ноябрдын аягында ал жеке жашоосун иретке келтиргенден кийин 2028-жылкы Олимпиадага даярдыкты баштай турганын билдирген.
31 жаштагы Айсулуу Тыныбекова – Азиянын алты жолку чемпиону. Дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Дүйнөлүк кубоктун ээси. Эл аралык деңгээлдеги ар кандай мелдештердин байгесин алган. Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында (2021) күмүш медалдын, Парижде өткөн Олимпиада оюндарында (2024) коло медалдын ээси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери.