Айсулуу Тыныбекова рейтингдик турнирде алтын утту

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Zagreb Open биринчи рейтингдик турниринде алтын медаль утту.
Кыргызстандык спортчу алтын үчүн күрөштө америкалык Кайла Киеко Миракл менен кез келип, атаандашын 7:0 эсебинде артта калтырды.
Мелдеш 10-14-январь күндөрү Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат.

62 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып жаткан Айсулуу Тыныбекова мелдештин 1/16 финалынан тарта катышып, алгач америкалык Адаго Диана Нвачукву менен кез келди. Тыныбекова атаандашын 4:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга чыкты. Чейрек финалга чыгуу үчүн күрөштө кыргыз спортчусу атаандашы кытайлык Яру Вуну 6:5 эсебинде жеңди. Чейрек финалда Тыныбекова россиялык Алина Касабиеваны 7:3 эсебинде артта калтырып, жарым финалга чыкты.
Финал үчүн беттеште Айсулуу Тыныбекова япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, акыркы аракети үчүн япониялык балбанды 3:3 эсебинде жеңип алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 13-14-январда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат. Жарманкенин максаты — атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат. […]

Сизге жагышы мүмкүн