Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова

финалга чыгып, 2024-жылы Парижде боло турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды. Бул Олимп оюндарына алынган Кыргызстандын куржунундагы экинчи жолдомо.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашкан Тыныбекова жарым финалда германиялык балбан Луиза Ниемешти 4:2 эсебинде утту. Ал буга чейин польшалык Анастасия Волчинсканы (8:2), 1/8 финалда молдовалык Мариана Чердивара Эсануну (4:2), чейрек финалда украиналык Ирина Коляденкону (2:2) жеңген. Алдыда 21-сентябрда алтын байге үчүн жапониялык Сакура Мотоку менен беттешет.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат

Бөлүшүү:
Next Post

 Садыр Жапаров Кореянын президенти менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров  Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында Корея Республикасынын президенти Юн Сок Ёль менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун негизги аспектилери боюнча пикир алмашты. Садыр Жапаров бул жолугушууну уюштуруу демилгеси үчүн Корея президентине ыраазычылык айтып, эки өлкө ортосундагы мамлекеттер […]

Сизге жагышы мүмкүн