Айсулуу Тыныбекова Кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти болуп шайланды

Автор

“Кыргызстандын Күрөш федерациясы” коомдук бирикмесинин кезексиз шайлоо жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага федерациянын мүчөлөрү, ошондой эле Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучулары жана калыстар тобу катышты.
Жыйындын жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова федерациянын кыз-келиндер күрөшү боюнча вице-президенттик кызматына шайланды. Тыныбекова өз сөзүндө өлкөдө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө жигердүү көмөк көрсөтүүнү пландап жатканын белгилеп, ошол эле учурда спорттук карьерасын улантуу ниети бар экенин баса белгиледи.
Эске салсак, Айсулук Тыныбековага чейин 2014-жылдан тарта Динара Исаева федерациянын вице-президент болчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 22 – октябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 18 тыйын болсо, сатуу 85 сом 62 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 50 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн