Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова каргызстандыктарга кайрадан кайрылуу жасады. Атактуу спортчу өзүнүн аты-жөнүң пайдаланып, жарандарды алдап жаткан шылуундар болуп жатканын соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Достор, мен эч кандай лотерея, конкурс жана башка акцияларды өткөрбөйм. Бул тууралуу бир нече жолу айткам жана дагы кайталагандан тажабайм.
Урматтуу кыргызстандыктар, социалдык тармактардагы шектүү жарнамаларга ишенбеңиздер.
Бүгүнкү күндө маалыматтык жактан сабаттуу болуу учур талабы. Антпесе ар кандай алдамчылык схемалардын торуна түшүп каласыздар. Дайыма такталган маалымат булактарына гана ишениңиздер”,- деп жазды.