Дүйнөнүн сегиз өлкөсү, Ирандын президенти Ибрагим Раиси жана аны коштоп барган делегациянын тик учак кырсыгынан каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү жарыялады.
Булар Индия, Ирак, Ливан, Пакистан, Сирия, Түркия.
Көпчүлүк өлкөлөрдө бир күндүк аза күтүү жарыяланды. Сирия менен Ливанда үч күнгө, Тажикстанда эки күнгө аза күтүлөт. Иранда жоктоо иш-чаралары беш күнгө созулат.
Тажикстанда өлкөдөгү бардык мамлекеттик радио жана телеканалдарга эки күн бою көңүл ачуучу программаларды көрсөтпөө тапшырмасы берилди.