Айрым чайларды сатууга тыюу салынды

Автор

Белоруссияда «Принцесса Канди» жана “Гита” чайларын сатууга тыюу салынды.
Өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Александр Тарасенко Россиядан келген пакетке салынган чайдын төрт түрүн өлкө аймагында сатууга тыюу салды. Тиешелүү буйрукка республиканын саламаттыкты сактоо министринин орун басары кол койду.
Беларустун санитардык инспекциясынын адистери россиялык продукцияда микробиологиялык коопсуздук талаптарынын бузулушун катташкан. Учурда департамент кооптуу чайдын калган партияларын сатуудан алып салууга көзөмөл жүргүзүүдө.
Россияда «Орими» компаниясы Greenfield, Tess, «Принцесса Ява», «Принцесса Канди», «Жемчужина Нила», «Гита» жана «Жокей», Jardin кофелерин чыгарат.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж – 2024: Жоломан Шаршенбековдун эки атаандашы белгилүү болду

Азербайжандын борбору Бакуда5-7-апрелде Европадагы Олимпиадалык лицензиялык мелдеш өттү. Анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүнөн финалга чыккан экиден балбан Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду. Бул мелдеште кыргызстандык грек-рим балбаны Жоламан Шаршенбековдун (60 кг) Олимпиададагы дагы эки атаандашы белгилүү болду. Бири — молдовалык Виктор Чобану, экинчиси түркиялык Энес Башар болду. Эске салсак, […]

Сизге жагышы мүмкүн