Айрым айыл аймактарынын жана айылдардын аталышы өзгөрөт. Тизме

Автор

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо, мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле географиялык, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мурда жана азыр кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды Кыргыз Республикасынын айыл аймактарына жана айылдарына кайра кайтаруу максатында кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзамда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы, Дүкүр айылын Достук айылы жана Чек айылын Ынтымак айылы, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы, Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы жана Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп өзгөртүп атоо каралган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Окуучулардын республикалык олимпиадасынын II баскычы өтөт

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын II баскычы (райондук/шаардык) 2024-жылдын 18-19-январында өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдайт. Буга байланыштуу бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров, ушул башкармалыктын жетектөөчү адиси Алымкан Мырзалиева жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору […]

Сизге жагышы мүмкүн