Айрым айылдардын тарыхый аты кайра ыйгарылат

Автор

Улуттук идеологияны чыңдоого байланыштуу айрым айылдарга өз аталыштарын кайтарып берүү максатын көздөгөн мыйзам долбоору коомдун талкуусуна сунушталды. Буга ылайык, Баткен, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы айрым айылдардын аты өзгөртүлөт.
Мындай чечим жергиликтүү тургундардын жыйындарында кабыл алынган.
Алар төмөндөгүлөр:
Баткен облусу боюнча.
Лейлектеги Карл Маркс айылын Биримдик, Эски-Оочу айылын Манас айылы,
Кулундудагы Коммунизм айылын
Ак-Арык, Ленин айылын Исхак Раззаков, Андарак айылын
Ак-Таш, Кек-Таш айылын Көк-Таш жана Искра айылын Сумбула деп өзгөртүү.
Нарын облусу боюнча.
Кочкор районуна караштуу Осоавиахим айылын Молдо Кылыч деп атоо.

Талас облусу боюнча.

Айтматов районундагы Кара-Сай айылын Бакайыр деп өзгөртүү.

Чүй облусу боюнча.

Чүйдөгү Садовое айылы Масымкан айылы деп өзгөрөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Нидерландия Украинага алгачкы F-16 учактарын жеткиргенин ырастады

Нидерланды Украинага алгачкы F-16 истребителдерин жеткиргенин расмий түрдө тастыктады. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Рубен Брекелманс жарыялаган. Мекеменин маалыматы боюнча, Амстердам 24 убадаланган согуштук учактын алгачкы партиясын жөнөткөн, калгандары алдыдагы айларда жеткирилет. “Биринчи жолу расмий түрдө айта алам. Нидерланддардын алгачкы F-16 куралдары Украинага жеткирилди”,-деп белгиледи ал. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн