5-9-февраль аралыгында Загребде (Хорватия) эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча “Загреб Опен” ири эл аралык рейтингдик турнир өтөт.
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайты (uww.org) билдиргендей, кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча катышат.
Хорватияда кыргызстандык балбан 76 кг салмакта күч сынашып, тизмеге Россия, Венгрия, Индия, Литва жана АКШдан 6 катышуучу кирген.
Былтыр бул турнирге 28 өлкөнүн балбандары катышкан.