Айнагүл Токобаева “Кыргызфильмдин” директору болуп дайындалды

Автор

Айнагүл Токтобаева Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын директору болуп дайындалды. Бул туралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Айнагүл Токтобаева 1983-жылы Бүткүл Союздук Мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) экономика факультетин аяктаган. Ошондон бери “Кыргызфильм” киностудиясында ар кандай кызматтарда эмгектенген жана 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин ушул эле киностудиянын директордун орун басары кызматын аркалап келген.

Ал бир катар Улуттук жана Эл аралык долбоорлордо продюсерлик кылып, “Кыргыз киносунун отличниги”, “Маданиятынын мыкты кызматкери” жана бир топ ведомстволук грамота жана дипломдор менен сыйланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө чемпионаты: Кыз-келиндер курамасы командалык эсепте 8-орунду ээледи

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Дүйнөлүк чемпионатта командалык эсепте 56 өлкөнүн ичинен 8-орунду ээледи. Ал эми 6 алтын,1 күмүш жана 1 коло медаль жеңип, 195 упай менен жалпы командалык эсепте биринчи сапка Япония курамасы жайгашты. АКШ курамасы 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байгеге ээ болуп, 135 упай […]

Сизге жагышы мүмкүн