Айды изилдеген түзүм Жер менен байланышын үздү

Автор

Индиянын  Айга конгон   «Прагьян» жана «Викрам»  аппараты Жер менен байланышы токтоду. Адистердин байланышты калыбына келтирүү аракетине жооп боло элек.  Бул тууралуу Индиянын Космос изилдөө уюму X социалдык тармагында билдирди.
Алар Жердин табигый жандоочунда Айдын бир күнү же 14 Жер күнү иштеген.
Түзүм 23-августта Айдын аз изилденген Түштүк уюлуна жакын жерге конгон.
Уюмдун адистери 22-сентябрда таңга маал алардын күн батареялары ойгонуп, кайра заряддалып, аппараттар кайра иштей баштайт деп үмүт кылышкан.  Бирок, балким, батареялар Ай түнүнүн космостук суугуна туруштук бере алган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында командалык эсепте 3-орунду ээледи

Кыргызстан Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында командалык эсепте 3-орунду ээледи. Кыргызстандык спортчулар өлкөнүн капчыгына 5 медаль алып келишти. Алтын медалды Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков, күмүш медалды Айпери Медет кызы, ал эми коло медалды Тайырбек Жумашбек уулу жеңип алды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн