Айдоочусу жок автобустар ишке киргизилет

Автор

Дүйнөдөгү биринчи өзүн-өзү башкаруучу автобустар бүгүн Улуу Британиянын жолдоруна чыгат. Жакынкы 2 жылдын ичинде бул унаалар 10 миң жүргүнчүнү ташыры күтүлүүдө. Автобустар 80 км/саат ылдамдыкка жүрө алат. Ичинде күтүлбөгөн жагдайларга кийлигише ала турган айдоочулар болот.
2025-жылы Ослодо, Женевада, ошондой эле Германиянын Кронах шаарында айдоочусу жок кичи автобустардын ишке кириши күтүлүүдө.
Коммерциялык каттамдарга чыгуу үчүн мындай автобустарды сыноо Сеул менен Римде да жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык окуучу дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык Ринат Урматбек уулу Японияда тхэквондо боюнча дүйнө чемпионатында 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейдин окуучусу Ринат Урматбек уулу Японияда өткөн тхэквондо боюнча дүйнө чемпионатында 70 кг салмакта 1-орунга ээ болду. Кошумчалай кетсек, чемпионатка дүйнөнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн