Айдоочулардын эсине! Жайкы дөңгөлөгүн алмаштырбаган унаалар Бишкек-Ош постторунан өткөрүлбөйт

Автор

Жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөн айдоочулар Сосновка, Чычкан, Арал постторунан өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам ЖКККББ алыскы аймактарга каттаган жана жалпы айдоочуларды мындан ары кышкы дөңгөлөктөр менен гана жүрүүнү эскертет.
“Айрыкча алыскы аймактарга каттаган айдоочулар унааларынын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырбай жолго чыкса, “Сосновка”, “Чычкан”, “Арал” постторунан өткөрүлбөйт”, – деп айтылат маалыматта.
Андыктан жолго чыгаарда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, унаанын техникалык абалына көңүл буруп, каршы тилкеге чыкпастан, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, сөзсүз түрдө дөңгөлөкө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну эскертебиз.

Бөлүшүү:
Next Post

Алыкул Осмоновдун үй музейи толук оңдоп-түзөөдөн өттү

Бүгүн, 4-ноябрда Бишкектеги Алыкул Осмоновдун үй-музейи толук оңдоп-түзөөдөн кийин кайрадан ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Иш-чарага маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова катышты. Министрдин биринчи орун басары объектини оңдоп-түзөө […]

Сизге жагышы мүмкүн