Айдоочулардын эсине!Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Автор

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16нан 18-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Кар көчкү түшүү коркунучу жогору аймактар:
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу, 198-260-чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
Суусамыр – Талас – Тараз трассасынын 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу);
Ала-Бука – Каныш-Кыя автоунаа жолунун 59-113-чакырымы (Чапчыма ашуусу);
Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымы;
Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы;
Бишкек – Нарын- – Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымы (Долон ашуусу), 353-357-чакырымы (Кызыл-Бел ашуусу);
Казарман – Ак-Тал-Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымы. (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси);
Арал – Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымы;
Каракол – Эңилчек автоунаа жолунун 45-50, 74-90-чакырымы (Чоң-Ашуу ашуусу);
Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымы (Сөөк ашуусу);
Түп – Кеген унаа жолунун 51-76-чакырымы, Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 97-98, 110-136-чакырымы;
Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 165-173-чакырымы (Талдык ашуусу);
Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 218-224- чакырымдары.
ӨКМден унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарылдыгын эскертишти.

Бөлүшүү:
Next Post

Элдар Абакиров, ЖК депутаты: "Сөз эркиндиги жок өлкөлөрдө коррупция гүлдөйт"

“Коррупцияга каршы күрөшкөн эң күчтүү курал бул – сөз эркиндиги. Мен кечээ, сөз эркиндиги менен экономиканын байланышы деген китеп окуп чыктым”,- деди депутат Элдар Абакиров парламенттин жалпы жыйынында. “Сөз индекси күчтүү болгон өлкөлөрдө экономикасы да, элдин кирешеси да, күчтүү болот. Сөз эркиндиги жакшы сакталган өлкөлөрдө болсо, ишкердик өнүгүп, инвесторлор да, […]

Сизге жагышы мүмкүн