Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашууда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Автор

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарга кар көчкү түшүүсү күтүлүп жатканын билдирди.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 2024-жылдын 15-октябрынан 17-октябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-135-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
“Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда айыл чарбасына каттоо жүргүзүлөт

Быйыл пилоттук айыл чарба каттоосу жүргүзүлөт.Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районунун эки айыл аймагында, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная Речка жана Милянфан айылдарында пилоттук негизде каттоо өткөрүлөт. Бул иш-чараны утурлай, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр […]

Сизге жагышы мүмкүн