Айдоочуларга эскертүү! Боом капчыгайында таш түшүрүлөт

Автор

Бүгүн, 14-октябрдан 18-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы 128-чакырымдагы Боом капчыгайында таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Таш түшүрүү иштери саат эртең мененки тогуздан күндүзгү үчкө чейин жолду жарым-жартылай жабуу менен жүргүзүлөт. Бул учурда жолдо жүрүү бир тилкеге багытталып, жол тазаланат.
Эгер машиналар 30, 40тай болуп, тыгын пайда болсо, таш түшүрүү токтотулуп, машиналар өткөрүүлөрүн да аталган ишкана эскертет.
Таш түшүрүү иштери коопсуздук үчүн жүргүзүлүп жаткандыгын да «Кыргыз темир жолу» ишканасы эске салат.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл Кыргызстанга канча турист келгендиги айтылды

Ушул жылдын тогуз айында Кыргызстанга 7 миллион турист келген. Бул тууралуу Кыргызстандын Пакистан Республикасындагы элчиси Авазбек Атаханов Исламабад шаарында эл аралык Пакистан туроператорлору менен жолугушуусунда айтты. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Авазбек Атаханов анда Кыргызстандын туризм жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңири баяндап берген. Жолугушууга 18 эл аралык туроператорлор катышып, алар Кыргызстанга ишкер […]

Сизге жагышы мүмкүн