Айдоочуларга эскертүү! Бишкек жана Чүйдө айрым көчөлөргө чектөө киргизилет

Автор

Малайзиянын примьер-министринин иш сапары менен Кыргызстанга келүүсүнө байланыштуу 15-16-майда Бишкек шаары жана Чүй облусундагы айрым көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, атап айтканла:
– “Манас” эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Жибек-Жолу көчөсүнө чейин;
– Жибек-Жолу көчөсү Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
– Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
– “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынан тартып, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.
“Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз”, – деп айтылат маалыматта.
ЖКККББ кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилерин эскертет.

Бөлүшүү:
Next Post

Удмурт өлкөсүнө бекер саякаттоо

Туризм тармагындагы жаш блоггерлер менен ишкерлерге Орусиянын Удмурт Республикасына акысыз саякаттоо сунушталууда. 21-28-июнга белгиленген блог турга 25 жаштан 35 жашка чейинки кыргызстандыктар катыша алышат. Уюштуруучулардын бир гана талабы, саякаттоого катышкандар Удмурт өлкөсү боюнча материалдарды соц баракчаларында кеңири чагылдырып турушу керек. Саякаттын баштан аягына чейинки чыгымын уюштуруучулар каржылайт. Бул тууралуу кенен […]

Сизге жагышы мүмкүн