Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар жаап жатат

Автор

Бүгүн, 23-октябрда Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары жүрүп жатат. Каттам бар.
Ушундай эле кырдаал Өтмөк ашуусунда орун алып, кум себүү иштери аткарылууда. Жол ачык.
Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Бөлүшүү:
Next Post

БРИКС өлкөлөрү Украинадагы жаңжал боюнча бирдиктүү позицияны макулдашты

Россиянын президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, БРИКСтин саммитинин жыйынтык декларациясында Украинадагы жаңжал боюнча уюмга мүчө мамлекеттердин бирдиктүү позициясы чагылдырылат. Анын айтымында, бул боюнча макулдашууга жетишилген. “Эч кимде каршылык жараткан жок. Бул жалпы позиция, декларацияга киргизүү үчүн макулдашууга жетишилген ыкма”,-деп билдирди Юрий Ушаков. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн