Айдын бетинин ар түрдүү катмарларынын температурасы жөнүндөгү биринчи маалыматтарды индиялык Ай ровери берди. Бул аппарат Айдын кыртышынын температурасын 10 сантиметрге чейинки тереңдикте өлчөөгө жөндөмдүү механизми бар датчик менен жабдылганы белгиленген.
Индиянын Космос агенттигинин маалыматына караганда, окумуштуулар мурда Жердин спутнигинин бетиндеги температура Цельсий боюнча 20дан 30 градуска чейин болушу мүмкүн деп болжолдошкон, бирок ал 70 градус Цельсий болуп чыкты.