Американын Astrobotic компаниясынын Айды изилдөөчү Peregrine модулу күйүүчү майын жоготуп жатат жана жакында көзөмөлдөн чыгат. Андай болсо түзүмдүн 23-февралда Айга жумшак конуусу жокко чыгат.
Көйгөйлөр Vulcan ракетасынан бөлүнгөндөн кийин башталган. Модуль бузулгандыктан батареяларын заряддоо үчүн Күндү карай туруктуу багыт ала алган эмес. Инженерлер багытын убактылуу калыбына келтиришкен. Бирок күйүүчү майдан көйгөйлөр чыккан. Команда кырдаалды турукташтырууга аракет кылууда, бирок күйүүчү май бир күнгө гана жетери күтүлүүдө.