Айбек Шаменов президенттин Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Автор

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесинин негизинде Шаменов Айбек Асанович президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Шаменов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору кызматын ээлеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Белгилүү журналист Гүлжан Шерипбаева акталды

Кечээ, 23-декабрда Биринчи май райондук соту “Назар Ньюс” сайтынын ээси Гүлжан Шерипбаеваны актап, кыймыл-аракетинде кылмыш курамы жок деген чечимин чыгарды. Белгилүү болгондой, соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу ага 200 миң сом айып салууну сунуштаган, бирок, судья сунушту четке каккан. Гүлжан Шерипбаева үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында камакка алынып, 1-декабрына чейин Бишкектин №1 тергөө […]

Сизге жагышы мүмкүн