Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов студенттер менен жолугушту

Автор

Бүгүн, 27-декабрда И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин 1-курсунун студенттери Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазовдун кабыл алуусунда болушту. Алар депутаттардын жалпы жыйынына байкоочу катары катышышып, парламенттин музейин кыдырышты.

Жолугушууда Айбек Осмонов окуу менен гана ийгилик болоорун баса белгилеп, мыкты окуп, жакшы адам болууга үндөдү. Ишкерлик изги тилектерин колдой тургандыгын билдирген эл өкүлү “Ийгиликтин башаты – билим жана тарбиядан башталат. Адам кандай гана ийгилик жаратпасын артында татыктуу билим турат”,-деп белилүү агартуучу, Эл мугалими Гапыр Мадаминовдун китептерин белекке берди.

Эл өкүлү Шайлообек Атазов «Манас» мааниси, эл турмушунан алган орду, кыргыздардын улуттук сыймыгы экендигин белгилеп, мекенди сүйүүгө жана кыргыз тилин кастарлап, кадырлоого чакырды.
Студенттердин кыргыз маданиятынын өнүгүшү кошо турган салымы абдан чоң экендинин айткан Атазов “Кыргыз тили менен маданиятынын өнүгүшү силердин колуңарда”, -деди
Жыйындын соңунда эл өкүлдөрүнүн күмүш сырга, акыл-эсти ойготкон нуска кеңештерине ыраазы болушкан студенттер картина белек кылышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте коомдук транспорттун жол кире акысы көтөрүлөт

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн, 27-декабрдагы отурумунда коомдук унааларга жол кирени кымбаттатуу мыйзам долбоорун колдоп берди. Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот. Маршруткаларда болсо төлөм 20 сом болот. […]

Сизге жагышы мүмкүн