Мындай маалыматты өздүк булактарыбызга билдиришти. Депутат Айбек Осмонов бүгүн, 11-мартта саат 05:30да Түркиядан келип конгон. Ал 23-февраль күнү дарылануу максатында Түркияга учуп кеткени айтылган.
Өткөн жумада айрым ММКлар аны Раимбек Матраимовдун мафиясына кошууга аракет кылып, мандат маселесин көтөрүп чыгышкан. Бирок, белгилүү журналисттер Али Токтакунов менен Кудрет Тайчабаровдун 2020-жылда Айбек Осмоновго таандык “Мекеним Кыргызстан” партиясын Раимбек Матраимовдун тартып алганы боюнча материал жарыялагандары кайрадан коомчулукка ашкере болгон.
Белгилүү болгондой, Раимбек Матраимовдун мафиясына кошулбагандыгы тастыкталган.
Чукул билдирүү! Кыргызстанда 13-14-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт
Дүй Мар 11 , 2024