Азия Өнүктүрүү Банкы Айыл чарба министрлигине 40 млн доллар берет. Анын 20 млн доллары грант, калганы кредит. Маалым болгондой, 8 жылга чейин 1 пайыз, андан кийинки жылдары 1.5 пайыз менен төлөнөт. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин комитет жыйынында белгилүү болду. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков “келген каражатты каржы министрлиги 6 пайыз үстөк менен Айыл Банкка берет. Ал эми Айыл Банк кардарларга 12 пайыздан берет”,- деп билдирди. Депутат Айбек Осмонов дыйкандарга кошумча пайызы жок, өзүнүн келген баасында берүүнү сунуштады.