Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов бүгүн, 18-майда парламенттин жалпы жыйында билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрдү
Алар:
- Мектеп жана бала бакчаларда, ата-энелерден акча чогултпайбыз дейбиз, бирок жергиликтүү бюджеттен же Республикалык бюджеттен акча бөлбөйбүз! Алар 200-300 сомдон тазалыкка, кароолго ж.б үчүн деп чогултушат. Республикалык бюджеттен каражат бөлүнүшү керек!
- Мектептерде кээ бир мугалимдер, директорунан да көп айлык маяна алышат. Мектеп директорлорунун айлыгын көтөрүшүбүз керек.
- Ош шаарында кээ бир мектептерде окуучулар үчүн тамак берилбейт.Толук кандуу баарына берилиши керек.