Таш талашка түшчүлөр көбөйдү

Автор

Экс-депутат Айбек Осмоновдон бошогон №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттык жарышка мурдагы депутат Азамат Арапбаевдин катышаары айтылууда. Аны менен кошо шаардык Кеңештин кээ бир депутаттары да бар. Өлкөнүн эң бай делген адамы Азамат Арапбаев “Ата-Журт”, КСДП партияларынан 2008-2010 жана 2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Шайлоодо жеңип келээрине ишеним менен каралып жатат.
№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 28-апрелде өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Мелис Мырзакматов АКШга барды

Саясатчынын эмне максатта барганы азырынча белгисиз. Бирок, анын ишкерлер чөйрөсү менен жолугушууларды өткөзгөнүн өздүк булактарыбызга билдиришти. Мелис Мырзакматовдун азыркы бийликтен ыдык көргөнү, Кара-Суудагы Оомат базарынын тегерегинде маселе жаралганы каңкууланып келет. Расмий эмес маалыматтарда анын №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка аттанып жатканы айтылууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн