Бишкек жана аймактарда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин дээрлик жок болууда. Кээ бир маалымаи агенттиктери жазгандай, күйүүчү майдын бул түрүнүн жетишсиздиги жайында эле байкалып баштаган.
Учурда Аи-95 бензини ири май куюу тармактарында эле бар. Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов чындыгында эле мындай маселе бар экендигин белгилеп, бул Орусияда отун жетишсиздигине байланыштуу болуп жаткандыгы менен түшүндүргөн.
Белгилей кетсек, Кыргызстан товарды күйүүчү жана майлоочу майларды Орусиядан алат.