Аида Исмаилова депутаттардын сынына жооп берди

Автор

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин депутаттарынын сынына жооп берди. Ал видео кайрылуу кылып, социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Элчи акыркы мезгилде кыргыз-кореялык соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн билдирди. Ал ишмердигине карата кара пиар жасагандар мыйзам алдында сөзсүз жооп берет деген үмүтүн билдирди.
«Кээ бир адамдардын тобу ишке чоң тоскоолдук жаратышууда, анын катарында азыр чет элдик жаран саналган, Кыргызстандын Кореядагы Ардактуу консулу да бар. Белгилей кетсек, аталган жактар Кыргызстанда ишмердик жүргүзгөн корей компаниялары үчүн ортомчулук кызмат көрсөтүп, бирок аны жеке пайда көрүү кызыкчылыктары үчүн жүргүзүшөт. Бул иштерге мен тараптан бөгөт коюлган, ошол себептен коомчулукта терс пикир жаратуу максатында менин жана элчиликтин ишине тийиштүү каралоо жана жалган маалымат таркатуу боюнча комплекстүү кампания жүргүзүп жатышат», — деди Аида Исмаилова.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин тармактык комитети 30-сентябрдагы жыйынында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилованын ишмердигин текшерип чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүү сунушталды. Депутат Кубанычбек Самаков элчинин ишмердиги боюнча Түштүк Кореядагы мекендештерден кайрылуу түшүп жатканын айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

ДССУ: Ар бир онунчу өспүрүм социалдык тармактарга көз каранды

Дүйнө жүзүндө ар бир онунчу өспүрүм социалдык тармактарга жана компьютердик оюндарга көз каранды болуп калган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жаңы отчетунда айтылат. ДССУнун адистери 2022-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн маалыматтарына таянышкан. Сурамжылоого АКШдан, Европа өлкөлөрүнөн, Борбордук Азиядан жана Канададан 11 жаштан 15 жашка чейинки 280 миңге жакын өспүрүмдөр катышкан. […]

Сизге жагышы мүмкүн