Азык-түлүк рыногунда абал туруктуу

Автор

Кыргызстандын ички агро азык-түлүк рыногунда абал туруктуу. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрликтин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, быйыл азык-түлүк коопсуздугу негизги социалдык маанидеги 5 азыктын түрү (сүт, эт, картошка, жашылча, кум шекер) менен камсыз болду.
“Калган азыктардын 4 түрү (ун, өсүмдүк майы, жумуртка, жемиштер) менен камсыздоо импорттук ташып келүүлөр менен камсыздалды. Өзгөчө кырдаалдар, азык-түлүктөргө ажиотаждык керектөөлөр, тамак-аш азыктарынын бааларынын кескин өсүүсү жаралган жок”, – деди министр.

Бөлүшүү:
Next Post

90 жаштагы Техас студенти магистр даражасын алды

90 жаштагы Минни Пэйн Түндүк Техас университетинде магистр даражасын алган эң улгайган студент аталды. Пенсионер 1950-жылы орто мектепти аяктап, кыска убакытка колледжде окуган, бирок 68 жашында ал 30 жылдык ийгиликтүү жазуучулук карьерасына карабай илимий даражага ээ болууну чечкен. Пэйн Техас аялдар университетине барып, үч журналистика курсун жана ишкердик курсун окуган. […]

Сизге жагышы мүмкүн