Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Автор

Жогорку Кеңеште өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Бул комиссияны түзүү сунушун «Ынтымак» фракциясы киргизди. Депутаттар Марлен Маматалиев, Талант Мамытов өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы маселелерди караганын белгилеп, аталган маселелер өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары экенин кошумчалашты.
Комиссиянын курамына депутаттар Медербек Алиев, Аманкан Кенжебаев, Алишер Эрбаев, Талант Мамытов, Жаныбек Кыдыкбаев, Азамат Исираилов, Динара Ашимова киришти.

Бөлүшүү:
Next Post

5-февралда күтүлгөн аба ырайы

5-февралда Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерге туман түшөт, батыш тараптан жел согуп турат. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6, Нарын дубанында түнкүсүн -16…-21, күндүз -6…-11, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+9, Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн